Редакцияот 24.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз XXXIII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)

2023-жылдын 24-апрели № 4

Айыл аймагынын айылдарындагы аталышы жок жана аталышы өзгөртүлүп жаткан көчөлөргө татыктуу инсандардын аттарынын,фамилияларынын аталыштарын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргызстандагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын 7-статьясына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ;

 

1.ОтузАдыр айылынын Зымырык тарабындагы аталышы жок көчөгө Бекташев Акыл атындагы көчө деген аталыш ыйгарылсын.

 

 

2.Кара-Дөбө айылындагы К.Мустапакулов көчосүнүн Кушбак мечитинен Рахманов Кадырбек акенин үйүнө чейинки бөлүгүнө Турдуматов Тезекбай атындагы көчө деген аталыш ыйгарылсын.

 

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

(Н.Калматов)

 

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айылдык кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Беделов)

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин тѳрагасы

 

Т.Жумаев