Редакцияот 24.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXXII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)

2023-жылдын 24-апрели № 6

Жайыт комитетине караштуу МТЗ-82.1 тракторун жана фронталдык погрузчикти иштетүүнүн баасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ ”Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ;

 

1.МТЗ 82.1 тракторунун элге кызмат көрсөтүүсү төмөндөгүдөй бекитилсин;

 

А) буйрутма берүүчү 1 мото саатка сарпталуучу күйүүчү майдын акча каражатын өзү толойт.

 

Б) андан сырткары буйрутма берүүчү кызмат көрсөтүүнүн бир мото саатына 930 сом өлчомүндө акча каражатын төлойт.

 

2.Фронталдык погрузчиктин 1,8 м/куб элге кызмат көрсотүүсү төмөндогүдөй бекитилсин;

 

А) буйрутма берүүчү 1 мото саатка сарпталуучу күйүүчү майдын акча каражатын өзү толойт.

 

Б) андан сырткары буйрутма берүүчү кызмат көрсотүүнүн бир мото саатына 2000 сом өлчөмүндө акча каражатын төлойт.

 

3.Фронталдык погрузчиктин 1,8 м/куб айыл өкмөтүнө кызмат көрсотүүсү төмөндогүдөй бекитилсин;

 

А) айыл өкмөтү 1 мото саатка сарпталуучу күйүүчү майдын акча каражатын өзү толойт.

 

Б) андан сырткары айыл өкмотү кызмат көрсотүүнүн бир мото саатына 1000 сом өлчөмүндө акча каражатын төлойт.

 

4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жайыт комитетинин төрагасына жүктөлсүн.(А.Мамасалиев)

 

5.Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө Отуз-Адыр айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Аматов)

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин тѳрагасы

 

Т.Жумаев