ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз XXXIII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2023-жылдын 24-апрели № 7
Кара-Дөбө айылындагы жаңы бейитке делип пландаштырылып жаткан тарапка мал базар ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Кара-Дөбө айылындагы жаңы бейитке делип пландаштырылып жаткан тарапка мал базар ачууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
(Н.Калматов)
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айылдык кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.( А.Беделов.)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Т.Жумаев |