Редакцияот 04.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Буура айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV cессиясы

 

2022-жылдын 4-ноябры № 1

Кара-Буура жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кара-Буура жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М.Карачевдин жайыт бирикмесинин 2022-жылдагы бюджетинен 150 000 сом акча каражатын кыскартып, жайыт бирикмесинин бюджетине өзгөртүү киргизип берүү боюнча кайрылуусун айылдык кеңештин сессиясында талкуулап, Кара-Буура айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Буура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-

жылдын бюджетинен 150 000 сом “Атайын эсептен күтүлүүчү киреше” бөлүгүн кыскартылып, жайыт бирикмесинин бюджети 327 230 сом болуп бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын Кара-Буура айыл өкмөтүнүн финансы-экономика

бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу У.Раимбековго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет,экономика жана инвестиция тартуу иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Култаевге тапшырылсын.

 

Төрага

М.Джумагулов.