КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылдык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын (жетинчи чакырылышы)
2023-жылдын 3-февралы № 14/9
Катта-Талдык айыл аймагынын жайыт комитетинин 2022-жылдагы аткарган иштери, 2023-жылга бюджеттин, жамааттык планын жана жайыттарды пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды өткөзүп берүү келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндөгү №30 26.01.2009-жыл мыйзамынын 6,7 беренелерине ылайык, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин отчеттук чогулушунун протоколуна ылайык Катта-Талдык айылдык кеӊеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Катта-Талдык айыл аймагынын жайыт комитетинин 2022- жылкы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2.Жайыт комитетинин 2023- жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин.
3.Жайыт комитетинин 2023- жылга бюджети бекитилсин.(бюджет тиркелет)
4.Жайыт комитетинин сунушунун негизинде малдан алынуучу жайыт акы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин
а) Айыл аймагынын тургундары үчүн
1.Бир баш малга -200 сом
2.Бир баш кой-эчкиге-40 сом
3.Бир баш жылкыга 200 сом
б) Четтен келген мал кой жылкылар үчүн.
1.Бир баш малга -400 сом
2.Бир баш кой-эчкиге-80 сом
3.Бир баш жылкыга 500сом
5.Жайыттарга мал жаю менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланууга төмөндөгүдөй баа белгиленсин.
1.Маданий ден-соолукту чындоочу туристик иш чаралар үчүн 1га жер үчүн 5000 сом
2.Табигый тоют даярдоо үчүн 1га жер үчүн 1000 сом
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7.Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү боюнча Катта-Талдык айыл өкмөтү менен жайыт комитетинин ортосундагы келишим бекитилсин.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы инвестиция тартуу, бюджет жана экономикалык өнүгүүбоюнча комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А.Муратов |
Катта-Талдык айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
2023-жылга карата
Бюджети
Киреше бөлүгү
№ | Кирешелердин аталышы | Сумма |
1. | Катта-Талдык айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардан | 510 000 |
2. | Жайытты кыйыр пайдалануудан | 90 000 |
| Баары: | 600000 |
Чыгаша бөлүгү
№ | Чыгащалардын аталышы | Сумма |
1. | Айлык акы | 252 000 |
2. | Мамлекеттик төлөмдөр | 306470 |
3. | Жайыт инфраструктурасын оӊдоого | 111583 |
| Баары: | 670053 |
Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү
Калдык акча 70053
1.Киреше бөлүгү
№ | Малдын түрү | Малдын саны | Бир баш малга алынуучу баа | Бир жылга алынуучу толом |
1. | Ири мүйүздүү мал | 840 | 200 | 168 000 |
2. | Кой эчки | 4125 | 40 | 165 000 |
3. | Жылкы | 275 | 200 | 55000 |
| Баары |
|
| 388000 |
Башка айыл аймактан келген малдар
№ | Малдын түрү | Малдын саны | Бир баш малга алынуучу баа | Бир жылга алынуучу толом |
1 | Ири мүйүздүү мал | 90 | 400 | 36000 |
2 | Кой эчки | 1100 | 80 | 66000 |
3 | Жылкы | 40 | 500 | 20000 |
|
|
|
| 122 000 |
Жайыфтты кыйыр пайдалануудан 90 000
Жалпы киреше 600 000
2.Чыгаша бөлүгү
Жайыт комитетинин штаттык сметасы
№ | Кызмат орду | Саны | Айлык акы | Мөөнөтү | Суммасы |
1. | Ж.К. төрагасы | 1 | 12000 | 12 | 144 000 |
2. | Инспектор | 2 | 6000 | 6 | 72 000 |
3. | бухгалтер | 1 | 3000 | 12 | 36000 |
| Баары |
|
|
| 252 000 |
Мамлекеттик төлөмдөр
1. | Мамлекеттик чегерүү бюджеттин 3/1 | 200 000 |
2. | Соц фонд төлөмдөрү 252000*17,25% | 43470 |
3. | Кара-Суу жайыт ассоциасына мүчөлүк акы | 6000 |
4. | Канцелярские товары | 5000 |
5. | Жайытка баало жүргүзүү жана ГСМ | 50000 |
6. | Компютердик эмеректер жана катридж толтуруу | 2000 |
| Баары: | 306470 |
Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга 111583
\ Жалпы чыгаша 670005
Катта-Талдык жайы
комитетинин төрагасы:- У.Жолдошов