КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылдык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын (жетинчи чакырылышы)
2023-жылдын 3-февралы № 14/12
Катта-Талдык айыл аймагынын Баш-Булак айылынын «Учуров С.С» көчөсүнүн Т.Сатылганов көчөсү менен кесилишкен жеринен 10/1 кожолугунан баштап Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери «Абдыразаков Жолу» атындагы көчөсү деп наам берүү жөнүндө
Баш-Булак айылындагы Т.Жолуевтин арызын жана Баш-Булак айылынын тургундарынын арызын карап чыгып жана талкуулап Катта-Талдык айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Баш-Булак айылындагы «Учуров С.С» көчөсүнүн «Т.Сатылганов» көчөсү менен кесилишкен жеринен 10/1 кожолугунан баштап Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери «Абдыразаков Жолу» атындагы көчө деп наам берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын,
Төрага | А. А. Муратов |