Редакцияот 28.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясынын (жетинчи чакырылыштагы)

2023-жылдын 28-апрели № 7

Айыл аймагынын тургундарына жеке менчик турак-жай куруу үчүн кайрак айдоо жана кайрак айдоо жерлеринин ичинде жайгашкан жайыт жерлерин “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которуу жѳнүндѳ

Айыл аймагынын турак-жай курууга муктаж болгон тургундарын турак-жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесине жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган № 45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесине ылайык,Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 31-январындагы № 27”б” “Жерге болгон мамилелерди мыйзам чегинде жүргүзүү жөнүндө” буйругунун негизинде түзүлгөн туруктуу иштеген райондук комиссиянын 2023-жылдын 17-мартындагы оң корутундусунун негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ;

1.Отуз-Адыр айыл аймагындагы турак-жай курууга муктаж болгон айыл тургундарына турак-жай куруу үчүн айыл аймагына караштуу Кызыл-Абад айылында жайгашкан кайрак айдоо жана кайрак айдоо жерлеринин ичинде жайгашкан жайыт жерлер;

№ 11 – 26,05 кайрак айдоо

№ 144 – 3,88 кайрак айдоо

№ 148 – 25,35 кайрак айдоо

№ 107 – 0,20 таза жайыт

№ 108 – 0,43 таза жайыт

№ 146 – 0,20 таза жайыт

№ 150 – 1,53 таза жайыт

№ 149 – 0,41 таза жайыт

Жалпы; 58,05 га кайрак айдоо жана жайыт жер.

Жалпысы болуп Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу 58,05 га жер аянтын “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.

2.Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ сунуш берүү жагы Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнѳн жана Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.(Н.Калматов)

4.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Отуз-Адыр айылдык кеңешинин айыл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

( А.Адашов)

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин тѳрагасы

 

А.Мурзаев