Редакцияот 03.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылдык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын (жетинчи чакырылышы)

 

2023-жылдын 3-февралы № 14/14

 Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Баш-Булак  айылынын тургуну Абдыкадыр уулу Саматтын арызы жөнүндө

                                                                            

Катта-Талдык айылдык кеӊешинин аймагындагы Баш-Булак айылынын тургуну Абдыкадыр уулу Саматтын арызын карап чыгып жана талкуулап, Катта-Талдык айылдык кеӊеши

 

                                                    ТОКТОМ  КЫЛАТ

1. Баш-Булак  айылынын тургуну Абдыкадыр уулу Саматтын  атасы Ахмедов Абдыкадыр Канкиевичтин жүлүнүн даарылоо үчүн көп суммадагы акча каражаты керек болуп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтү тарабынан 15000 (он беш миӊ) сом акчалай жардам берүү жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнө сунушталсын.

2. Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ш. Жусуповага жүктөлсүн.

Төрага

  А. А. Муратов