КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылдык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын (жетинчи чакырылышы)
2023-жылдын 3-февралы № 14/15
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси К.Ормонов 2023-жылдын 4- ноябрь айындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» К.Р.Президентинин №305 Жарлыгын аткаруу боюнча типтүү эрежени бекитип берүү жөнүндөгү сураныч катын карап чыгуу жөнүндө
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси К.Ормонов 2023-жылдын 4-ноябрь айындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» К.Р.Президентинин №305 Жарлыгын аткаруу боюнча типтүү эрежелерин бекитип берүү жөнүндөгү сураныч катын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Катта-Талдык айылдык кеӊешинин 7-чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси К.Ормонов 2023-жылдын 4-ноябрь айындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» К.Р.Президентинин №305 Жарлыгын аткаруу жөнүндөгү типтүү эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин №305 Жарлыгынын аткарылышы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы К.Ормоновго жүктөлсүн
Төрага | А.Муратов. |
“Бекитемин”
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы
_____________________ Б.М.Абдрахманов
“_____”____________2023-жыл
Кыргыз Республикасынын Президентини 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305
«Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча
натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө»
Жарлыгынын аткаруу боюнча Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2023-жылга “Улуттук Тазалык күнүнө”
өткөрүлүүчү иш-чаралардын планы.
№ | Милдеттер | Чаралар | Айылдары | Жооптуулар | Ишке ашыруу мөөнөтү |
1 | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгынын аткаруу боюнча Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн аймагында жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин уюштуруу, тазалыкты сактоо, жарандардын экологиялык коопсуздугун камсыздоо | Айыл өкмөттүн аймагындагы Ош-Бишкек жолунун чегиндеги, Ош-Эркештам жолунун чегиндеги таштандыларды, чөптөрдү тазалоо, жолдун четин иретке келтирүү, Садырбай, Жаңы-Турмуш айылдарынын, Кайрагач участкасынын элдирин уюштуруу жолу менен | Садырбай, Жаңы-Турмуш айылдары, Кайрагач участкасы, Баш-Булак, Талдык айылдары | К.Тажибаев, К.Ормонов, Айыл башчылар | 2023-жыл |
2 | Көчөлөрдө, имараттардын тегерегиндеги өчүп, жараксыз абалга келген көрнөк-жарнактарды, жазууларды жаңылоо, стенддерди жана паннолорду краскалоо иштерин жүргүзүү. | Баш-Булак, Кара-Сөгөт, Талдык, Кичик, Кызыл-Ордо, Эшме, Садырбай, Жаңы-Турмуш, Ачы, Торгой-Булак айылдары. | К.Тажибаев, К.Ормонов, Айыл башчылар | 2023-жыл | |
3 | Айыл өкмөттүн аймагындагы калктуу конуштардын санитардык абалдарын жакшыртуу, аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, айлана-чөйрөнү, мазарларды элди уюштуруу аркылуу ашар жолу менен тазалоо. | Баш-Булак, Кара-Сөгөт, Талдык, Кичик, Кызыл-Ордо, Эшме, Садырбай, Жаңы-Турмуш, Ачы, Торгой-Булак айылдары. | К.Тажибаев, К.Ормонов, Айыл башчылар | 2023-жыл | |
4 | Айыл өкмөттүн аймагындагы жолдун боюндагы темир тосмолор, реклама баннерлерин жууп тазалоо, жергиликтүү тургундар жеке ишкерлерди уюштуруу жолу менен | Баш-Булак, Кара-Сөгөт, Талдык, Кичик, Кызыл-Ордо, Эшме, Садырбай, Жаңы-Турмуш, Ачы, Торгой-Булак айылдары. | К.Тажибаев, К.Ормонов, Айыл башчылар | 2023-жыл | |
5 | Айыл өкмөттүн аймагындагы айылдардагы көчөлөрүндө кургап калган бак-дарактарды мыйзам чегинде кыюу | Баш-Булак, Кара-Сөгөт, Талдык, Кичик, Кызыл-Ордо, Эшме, Садырбай, Жаңы-Турмуш, Ачы, Торгой-Булак айылдары. | К.Тажибаев, К.Ормонов, Айыл башчылар | 2023-жыл | |
6 | Айыл өкмөттүн аймагындагы айылдардын ичиндеги таштандыларды тазалоо, айылдарда, көчөлөрдө, имараттардын тегерегинднги бак-дарактарды актоо сырдоо иштерин аткаруу. | Баш-Булак, Кара-Сөгөт, Талдык, Кичик, Кызыл-Ордо, Эшме, Садырбай, Жаңы-Турмуш, Ачы, Торгой-Булак айылдары. | К.Тажибаев, К.Ормонов, Айыл башчылар | 2023-жыл | |
7 | Таштандыларды белгилүү жайга төгүү, каналга таштанды таштабоо, тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүү. | Баш-Булак, Кара-Сөгөт, Талдык, Кичик, Кызыл-Ордо, Эшме, Садырбай, Жаңы-Турмуш, Ачы, Торгой-Булак айылдары. | К.Тажибаев, К.Ормонов, Айыл башчылар | 2023-жыл | |
8 | Айыл өкмөттүн аймагында ишембиликтерди уюштуруу, мекеме-уюмдардын кызматкерлерин бул программага тартуу жолдору менен дарактарды отургузуу жана гүлдөрдү эгүүнү уюштуруу. | Баш-Булак, Кара-Сөгөт, Талдык, Кичик, Кызыл-Ордо, Эшме, Садырбай, Жаңы-Турмуш, Ачы, Торгой-Булак айылдары. | К.Тажибаев, К.Ормонов, Айыл башчылар | 2023-жыл |