Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дөбөлү айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын

кезексиз ХXIII  сессиясы

 

2024-жылдын 1-августу № 23/3 

Дөбөлү  айыл  аймагынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансфертке түшкөн акча каражатын чыгымдоо жөнүндө

 

      Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансфертке түшкөн акча каражатынбөлүштүрүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К. Кудайбергеновдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык  кеңешинин XXVIII  чакырылышынын 23-кезексизсессиясы  токтом кылат:

 

1.     Дөбөлү айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансфертке түшкөн 161 000 сом акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын: 

№

Чыгаша бөлүктүн аткарылышы

Сумма (сом)

1

Социалдык обьектилерге комур тартуу

161 000

Жалпы:

161 000 сом

2.     Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э. Айсаевага тапшырылсын.

3.     Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Дөбөлү  айыл аймагынын  айыл  өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

Тѳрага

К. Субанбеков