Редакцияот 13.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин VIII – чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы

 

2023-жылдын 13-майы № 1

 

Бакай-Ата өнүктүрүү фондусуна долбоор өткөрүү жөнүндө

 

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү (чатырын, терезе, эшиктерин жаңыртуу жана кошумча жыйындар залын курууга) боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алымкуловдун сунушун карап талкуулап чыгып Кең-Арал айылдык кенешинин VIII - чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн имаратын каптиалдык оңдоодон өткөрүүгө (чатырын, терезе, эшиктерин жаңыртуу жана кошумча жыйындар залын курууга) жалпы наркы 3 437 792 (үч миллион төрт жүз отуз жети миң жети жүз токсон эки) сом акча каражаты Бакай-Ата райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.

2. Токтомдун талаптарын аткаруу жагы айыл өкмөтүнүнүн башчысы Ч.Алымкуловго милдетендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

Б.Токонов