Редакцияот 30.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин VIII – чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы

 

2023-жылдын 30-майы № 3

 

Кирпич заводтон айылга берилүүчү жардам жөнүндө

 

Кең-Арал айылындагы кирпич заводдун жетекчиси Б.Иманбековдун кайрылуусун карап, талкуулап канааттандыруу максатында Кең-Арал айылдык кеңешинин VIII - чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кең-Арал айыл аймагындагы кирпич заводтон жардам катары бериле турган кирпичтен 11 000 (он бир миң) даана кирпич Көк-Таш айылында курулуп жаткан балдар бакчасынын курулушуна жардам катары бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун талаптарын аткаруужагы айыл өкмөтүнүнүн башчысы Ч.Алымкуловго милдетендирилсин.

Төрага

Б.Токонов