Редакцияот 23.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дөбөлү айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын

кезексиз ХXII  сессиясы

 

2024-жылдын 23-июлу № 22/3

Жеке менчик турак жайларын куруу үчүн жер участокторун бекитип берүүгө макулдук берүү  жөнүндө

 

Жер мунапысын жүргүзүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291-токтомунун, Нарын районунун аймагында жер мунапысын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссиянын 2024-жылдын 30-майындагы №85 чечимин, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын  03-июнундагы №201-б буйругун аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин нормаларына ылайык, Дөбөлү айылдык Кеңешинин  токтом кылат:

 

1.              Дөбөлү  айыл   аймагынын Эки-Нарын айылындагы төмөндө көрсөтүлгөн жер аянты Эки-Нарын айылынын тургунуна турак жай куруу үчүн жеке менчигине бекитип берүүгө макулдук берилсин.

 

№

А.А.А

Аянты м2

Контур №

Айылы

1

Бокошов Төлөбек Дүйшөевич

2500,0 м

123-57

Эки-Нарын

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Дөбөлү айыл өкмөтүнө  тапшырылсын.

Тѳрага

К. Субанбеков