Редакцияот 23.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дөбөлү айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын

кезексиз ХXII  сессиясы

 

2024-жылдын 23-июлу № 22/2

Долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деӊгээлин жогорулатуу жана жеткиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин сессиясы токтом кылат:

1.Жалпы наркы 14 000 000(он төрт миллион) сомду түзгөн Ак-Бел муниципалдык ишканасына атайын техника (эксковатор) алуу долбооруна өздүк салым катары 1 000 000 сом Ак-Бел муниципалдык ишкананысынын бюджетинен каралсын.

2. Долбоордук өтүнмө берилген тартипте донордук уюмдарга каржылоого сунушталсын.

3. Бул токтомдун аткарылышы долбоор боюнча жумушчу топтун комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Тѳрага

К. Субанбеков