Редакцияот 28.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дөбөлү айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын

кезексиз ХXII  сессиясы

 

2024-жылдын 28-июну  № 21/1

Дөбөлү  айыл   аймагынын Дөбөлү айылындагы айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон муниципалдык  имаратты Нарын РИИБнүн балансына пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айылына айылдык милиция бөлүмүн  (ПОМ) ачуу максатында  Дөбөлү айылындагы айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон муниципалдык имаратты Нарын РИИБнүн балансына пайдаланууга өткөрүп берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.Дөбөлү айылына айылдык милиция бөлүмүн  (ПОМ) ачуу максатында Дөбөлү айылындагы М. Боромбаев көчөсүндөгү №38-имаратынын кире бериши менен күн чыгыш тарабындагы 1 (бир) бөлмөсү Нарын РИИБнүн балансына  пайдаланууга өткөрүлүп берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

Тѳраганын орун басары

С. Кадырбеков