Редакцияот 28.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы

2023-жылдын 28-ноябры №17-1

“2023-жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерден түшкөн акча каражатты бөлүштүрүү” жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен 13321200-беренесине “Максатуу трансферттен” тушкөн компенсация кирешени пайдалануу жөнүндө ФЭБнун кайрылуусун угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен түшкөн 13321200-беренесине “Максаттуу трансферттен” түшкөн компенсация менен 1293,4 миң сомго көбөйтүлсүн.

2.  Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык 1293,4 миң сом акча каражаты:

Аппарат бөлүмүнө:

-        Х. Кенжаев орто мектебинин жаңы имаратынын курулушунун долбоордук документтерине 510,0 сом;

-        Айылдык кенешинин кеңешме зал имаратынын курулушунун долбоордук документтерине 110,0 миң сом;

-        Айыл өкмөттүн аппаратына компьютер сатып алууга 43,4 миң сом.

Китепкана бөлүмүнө:

-        Кызыл-Сеңир айылындагы айылдык китепканасынын жабдууларына 95,0 сом;

ЖХК бөлүмүнө

-        Ак-Баш айылындагы курулуп жаткан бала бакчанын ремонтуна 535,0 сом бөлүнуп берилсин;

3.  Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөттүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г. Нуруевага милдеттендирилсин.

4.  Бекитилген планга өзгөртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.

 

5. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Төрага:

Т. Джороев