Редакцияот 28.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы

2023-жылдын 28-ноябры №17-2

Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө салыктык эмес кирешелер жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” мыйзамынын 74-75-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесиинин 2-пунктунун 4-пунктчасын негиздеп, Мамлекеттик салык кызматынын Сузак району боюнча башкармалыгынын №039/21/21-1-13 22-октябрь 2023-жылдагы катын, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/782 24-ноябрындагы катын негиздеп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарда таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйым бир жашоочуга эки эсептик көрсөткүч (200 сом) өлчөмүндө бекитилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Омурзаковго милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Төрага:

Т. Джороев