Редакцияот 28.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы

2023-жылдын 28-ноябры №17-6

“Жер аянттарын трансформациялоо” жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11,13,15,17,20-беренелерине, Кыргыз Республикасынын №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын “Кыргызмамжердолбоорлоо” Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын №03/558 2022-жылдын 25-октябрындагы катын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба министрлигине караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик кызматынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын 2022-жылдын 26-сентябрындагы №01/16/417 катын эске алып жана Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/366 16-май 2023-жылдагы кайрылуу катын негиздеп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин айыл чарба туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңир айылындагы №299 контурундагы муниципалдык менчикте турган 1,5 га жер аянты “Айыл чарба жерлери багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштар жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.

 

2.  Ушул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын .

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковго жүктөлсүн жана мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдоо жагы тиешелүү адистерге милдеттендирилсин.

 

4.  Бул токтом www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Төрага:

Т. Джороев