Редакцияот 28.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы

2023-жылдын 28-ноябры №17-7

“Талаа-Булак айылындагы 75 орундуу бала бакчаны пайдаланууга берүү” жөнүндө

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковдун 27-ноябрь 2023-жылдагы №01-16/785 билдирүү катынын негизинде Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Талаа-Булак айылындагы 75 орундуу бала бакчасынын имараты 2023-жылы толук бүтүрүлгөндүгүнө байланыштуу, пайдаланууга берилсин.

 

2. 75 орундуу бала бакчанын пайдаланууга берилүүчү иш кагаздарын тактоо жана бүтүрүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Бала бакчанын штаттык сан бирдигин бекитип берүү жана кызматкерлердин айлык маянасын мыйзам чегинде чечип берүү жагы Сузак райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

 

4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Төрага:

Т. Джороев