Редакцияот 28.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы

2023-жылдын 28-ноябры №17-8

“Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу ” жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 64-беренесине таянып, 62-берененин 3,4,5,7,9 пунктчаларынын, 66-беренесинин 1,3-пунктчаларын, Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын 2023-жылдын 24-ноябрындагы №23/172-00-04-11/1-7-01856 сунуштамасынын негизинде, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 27-ноябрь №01-16/785/1 жана Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жер адиси Н. Садыковду кайрылуусун угуп жана талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Жашасын-2 айылындагы №2328 контурундагы 0,16 га жер аянты муниципалдык менчике алынсын.

 

2. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

 

3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Төрага:

Т. Джороев