КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
2023-жылдын 28-ноябры №17-10
“Жергиликтүу бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковдун кайрылуусунун негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагына таштанды ташуучу унаа сатып алууга долбоордун алкагында 10% төлөмгө жергиликтүү бюджеттен 672300 (алты жуз жетимиш эки миң үч жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Калган керектелүүчү 6050700 (алты миллион элүү миң жети жүз) сом акча каражаты Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондунан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т. Джороев |