Редакцияот 10.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

БАЛЫКЧЫ   ШААРДЫК   КЕҢЕШИНИН   ХХVIII

ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXIX СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 27- август айы  № 1

 

«Усупов Бакыт Саламатовичке “Балыкчы шаарынын  ардактуу  жараны” наамын  ыйгаруу   жөнүндө»

 

      “Балыкчы  шаарындагы  аталыштарды өзгөртүү”   жана  “Ардактуу жаран”  наамын  ыйгаруу боюнча  коомдук  комиссиясынын 2024-жылдын    6-август айындагы  № 4 протоколунун негизиндеги сунушун  карап, талкуулап,     Балыкчы  шаардык Кеңешинин  сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Балыкчы шаарынын тургундары жана туристтер  үчүн заманбап  “Грин Сити Центр” эс алуучу парко-пляждык аймагын куруп, туризм тармагын жакшырткандыгы жана 10млн. сомдон ашык колдоочулук (меценаттык) ишмердиги үчүн - Усупов Бакыт Саламатовичке “Балыкчы  шаарынын  ардактуу жараны”  ардактуу  наамы ыйгарылсын.
  2. “Балыкчы  шаарынын ардактуу  жараны” наамын  күбөлөндүрүүчү  күбөлүктү жана  эстелик  төш белгисин  ыйгаруу, ардак китепчесине каттоо  жагы  Балыкчы шаарынын  мэриясына  жана шаардык  Кеңештин  аппаратына тапшырылсын.
  3. Балыкчы  шаардык Кеңешинин мамлекеттик  тилде кабыл алынган  тийиштүү ченемдик укуктук актысы, Мамлекеттик ченемдик  укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция  башкармалыгына жиберилсин.
  4. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
  5. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө алуу  жагы  шаардык Кеңештин  аппаратына  тапшырылсын.

Кеңештин  төрагасы                                                                Ж. Абдразаков