СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XXХХ1 сессиясы
2024-жылдын 21-августу № 187
Сүлүктү шаарынын Кош-Булак аймагындагы Т.Марипов көчөсүнүн №14 дарегинде жайгашкан 64 батирлүү турак үйдү КРУМККнын Чек ара кызматына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Сүлүктү шаарынын мэриясынын 18.07. 2024ж. № 01-12/1903 сандагы Т.Марипов көчөсүнүн №14 дарегинде жайгашкан 64 батирлүү турак үйдү КРУМККнын Чек ара кызматына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө каты боюнча шаардык “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 18, 32 беренелери, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренеси, “Мүлккө муниципалдык менчик” жөнүндө Мыйзамынын 2, 11, 18, 19 беренелеринин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы турак жай боюнча комиссиясында Т.Марипов көчөсүнүн №14 дарегинде жайгашкан 64 батирлүү турак үйдүн муниципалдык батирде жашаган жарандар менен түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылсын, дебитордук карыздар өндүрүлсүн жана менчик батирлердин ээлери менен мыйзамга ылайык иш алынып барылсын
- Сүлүктү шаарынын Кош-Булак аймагында Т.Марипов көчөсүнүн №14 дарегинде жайгашкан 64 батирлүү турак үйдүн муниципалдык менчиктин балансында деп такталган 46 батирин КРУМККнын Чек ара кызматына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Өткөрүп берүү процедурасын мыйзамдаштыруу жагы шардын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесине жүктөлсүн
- Аскер бөлүгу кайра кеткен учурда же максатсыз пайдаланылган учурда аталган үйлөр, ага тиешелүү жер тилкеси Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.А.Кутбидинов |