Редакцияот 21.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XXХХ1 сессиясы 

 

2024-жылдын 21-августу № 188

 “Сүлүктү тазасууканал” муниципалдык ишканасынын калкты таза суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамынын                               27, 34-беренесинин, 37-беренесинин 2 пунктунун негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

                                                          

1. “Сүлүктү - Тазасууканал” МИ жетекчиси О. Матазимовдун “Сүлүктү - Тазасууканал” муниципалдык ишканасынын калкты таза суу менен камсыз кылуусунун абалы жөнүндө маалыматы кабыл алынсын;

2.  Сүлүктү шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен, чарбалык жана коммуналдык, турмуш-тиричилик максаттары үчүн сууга болгон керектөөлөрүн камсыз кылуунун абалын жакшыртуу боюнча шаардык мэрия менен биргеликте атайын иш-чара түзүү жана  аткарууга алуу  жагы “Сүлүктү - Тазасууканал” МИ жетекчиси О. Матазимовго милдеттендирилсин

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Сүлүктү - Тазасуу канал” МИ жетекчиси О. Матазимого жана  , көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин “Өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага

М.А.Кутбидинов