Редакцияот 21.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XXХХ1 сессиясы 

 

2024-жылдын 21-августу № 189

Шаардын аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34-беренесинин,                            37-беренесинин 2 пунктунун негизинде Сүлүктү шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн шаардын аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Сүлүктү шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн шаардын аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштери жөнүндө маалыматы кабыл алынсын. 

2.    Сүлүктү шаарынын аймагында коптуу жайлар боюнча өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча шаардык мэрия менен биргеликте атайын иш чара түзүлүп аткарууга алынсын.

3.    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сүлүктү шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Өнөр жай, транспорт, жол,  коммуналдык иштер, таза суу, тазалык  жана экология” боюнча  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

М.А.Кутбидинов