Редакцияот 21.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XXХХ1 сессиясы 

 

2024-жылдын 21-августу № 191

“Сүлүктү-тазасууканал” МИнын абоненттерге тазасуу линиясына крант кошуу үчүн кызмат акысын бекитүү жөнүндө

 

“Сүлүктү-тазасууканал” МИнын 31.07.2024ж. №01-13/18 сандагы                           “Сүлүктү-тазасууканал” МИнын абоненттерге тазасуу линиясына крант кошуу үчүн кызмат акысын бекитип берүү жөнүндөгү каты боюнча Сүлүктү шаардык кеӊешинин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө Муниципалдык менчик” жөнүндө Мыйзамынын 19 беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  19.06.2024ж. №320 токтомунун 11, 18- беренелеринин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Сүлүктү-тазасууканал” МИнын абоненттерге тазасуу линиясына крант кошуу үчүн кызмат акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмү менен макулдашылсын
  2. “Сүлүктү-тазасууканал” МИнын абоненттерге тазасуу линиясына крант кошуу үчүн кызмат акысы Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн макулдугу менен 3000 (үч миӊ) сом өлчөмүндө бекитилсин;
  3. Ушул токтом “Сүлүктү-тазасууканал” МИнын абоненттерге тазасуу линиясына крант кошуу үчүн кызмат акысы монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облусутук бөлүмү менен макулдашылгандан кийин күчүнө кирсин.
  4. Токтом күчүнө кирген күндөн баштап “Сүлүктү-тазасууканал” МИнын абоненттерге тазасуу линиясына крант кошуу үчүн кызмат акысынын монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облусутук бөлүмү менен макулдашылган өлчөмү “Шахтер жолу” гезити жана башка массалык маалымат каражаттары аркылуу элге жеткирилсин
  5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Сүлүктү-тазасууканал” МИнын жетекчисине милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.                        

Төрага

М.А.Кутбидинов