Редакцияот 10.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

БАЛЫКЧЫ   ШААРДЫК   КЕҢЕШИНИН   ХХVIII

ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXIX СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 27- август айы  №6

 

«Балыкчы шаарындагы “Кыргыз Көмүр” мамлекеттик ишканасынын “Ысык-Көл кемечилиги” филиалынын №1 жана №2 портторун Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө»

 

«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-, 39-беренелерине жетекчиликке алып, Балыкчы шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 7-августундагы №01-18/3780  кайрылуусун жана  курулуш, архитектура, муниципалдык менчик, коммуналдык чарба, өнөр жай жана транспорт, ишкерликти өнүктүрүү  боюнча депутаттык туруктуу  комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.      Балыкчы шаары, Озерная көчөсү №221 дарегинде жайгашкан, “Кыргыз Көмүр” мамлекеттик ишканасынын “Ысык-Көл кемечилиги” филиалынын №1 идентификациялык коду: 2-07-02-0030-0097 жана №2 идентификациялык коду:             2-07-050041-0062 портторун жер тилкеси менен Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигине белгиленген жылдар аралыгындагы дебитордук жана кредитордук карыздарды  жоюу иш чараларын  аткаруу менен өткөрүп алууга  макулдук берилсин.

2.     Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына:

-       аталган обьектини муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.

3.     Балыкчы  шаардык Кеңешинин мамлекеттик  тилде кабыл алынган  тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик  укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция  башкармалыгына жиберилсин.

4.     Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.

5.     Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, курулуш, архитектура, муниципалдык  менчик коммуналдык  чарба жана өнөр жай     транспорт, ишкерликти өнүктүрүү  маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына  тапшырылсын.

 

 

Кеңештин төрагасы                                                      Ж.М. Абдразаков