Редакцияот 10.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

 

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

БАЛЫКЧЫ   ШААРДЫК   КЕҢЕШИНИН   ХХVIII

ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXIX СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 27- август айы  №8

 

«Балыкчы шаарындагы Турсуниязов көчөсү №18а дарегинде жайгашкан АВТ ишканасынын бейтапкана имаратын Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө»

 

«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-, 39-беренелерине жетекчиликке алып, Балыкчы шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 9-августундагы №01-18/3820  кайрылуусун жана  курулуш, архитектура, муниципалдык менчик, коммуналдык чарба, өнөр жай жана транспорт, ишкерликти өнүктүрүү  боюнча депутаттык туруктуу  комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Балыкчы шаарындагы Турсуниязов көчөсү №18а дарегинде жайгашкан идентификациялык коду:2-07-05-0048-0030 АВТ ишканасынын бейтапкана  имаратын жер тилкеси менен Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга  макулдук берилсин.

2.    Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына:

-        аталган обьектини муниципалдык менчикке  өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына  ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.

3.    Балыкчы  шаардык Кеңешинин мамлекеттик  тилде кабыл алынган  тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик  укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция  башкармалыгына жиберилсин.

4.    Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.

5.    Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, архитектура,          муниципалдык  менчик коммуналдык  чарба жана өнөр жай     транспорт, ишкерликти өнүктүрүү  маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына  тапшырылсын.

 

Кеңештин төрагасы                                                                          Ж.М. Абдразаков