Редакцияот 23.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи шайланган)

XXVI сессиясы

 

2024– жылдын 23-январы № 2

 

Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 12 айынын бюджетинин аткарылышы, 2024-жылга бюджеттин, 2025-2026-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө

Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын 2023-жылдын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 12 айга аткарылышы жана 2024-жылдын бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүктөрү менен бекитүү жөнүндөгү маселе боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Рахматов Рахматилла билдирүү жасап, айылдык кеңештин талкуусуна коюп, бул маселе кеңири талкууланып, алар тарабынан киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин кирешелери план боюнча 49883,9 миң сом болгон болсо, өзгөртүүлөрү менен 12 айга 60543,6 миң сомду, ал эми чыгашалар план боюнча 49883,9 миң сом болгон болсо өзгөртүүлөрү менен 59 482,4 миң сомду түзүп, бул багытта жүргүзүп жаткан иштери кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен аткарылышы белгиленсин.

 

2. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 20223-жылдагы бюджетинин атайын каражаттары план боюнча 12360,0 миң сом болсо, өзгөртүүлөрү менен 12 айга 13636,5 миң сомду, ал эми чыгаша бөлүгү 11044,0 миң сомду түзгөндүгү белгиленсин.

 

3. ”Абад-Айыл” муниципалдык ишканасынын 2023-жылдагы бюджетинин кирешелери план боюнча 500,0 миң сом болсо, ал эми чыгаша бөлүгү 390,0 миң сомду түзгөндүгү белгиленсин.

 

4. 2024-жылга Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 60329,0 миң сом, чыгашалары менен 60329,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

5. 2024-жылга Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджети атайын каражаттардын кирешелери жана чыгашалары менен 12 360,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

 

6. “Абад Айыл” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга бюджети 500,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

7. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү 2024-жылга түшкөн кирешелердин чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте каралган статьяларга (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, дары-дармек, тамак-аш) ылайык каржылануусу белгиленсин:

 

А) Башкаруу аппаратына - 19269,6 миң сом:

Б) айылдык кеңеш - 1223,0 миң сом;

В) айыл чарбасы (Жайыт комитети) - 300,0 миң сом;

Г) турак-жай ж-а коммуналдык кызматтар - 20382,5 миң сом;

Д) маданият тармагына - 5148,9 миң сом;

Е) билим берүү тармагына - 11305,0 миң сом;

Ж) социалдык камсыздоого - 2700,0 миң сом;

З) атайын каражаттар - 12360,0 миң сом;

И) “Абад Айыл” мун.ишканасына - 500,0 миң сом;

 

Баары: 73189,0 миң сом.

 

8. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штат бирдиги - жалпы саны 41: анын ичинен айыл башчылары - 8, аскердик каттоо инспекторлору - 7, айылдык кеңештин төрагасы - 1, айылдык кеңештин катчысы - 1, статист - 1 жана тейлөөдөгү кызматкерлер - 4, андан тышкары маданият кызматкерлери - 23, анын ичинен тейлөөдөгү кызматкерлер - 9 бирдиктери бекитилсин.

 

9. Айыл өкмөтүнө чыгаша сметаларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип туруу укугу берилсин жана көрсөтүлгөн бюджеттин чыгымдарынан тышкары зарыл болгон чыгымдар кирешенин кошумча булактарынын эсебинен аткарууга уруксат берилсин.

 

10. Айыл өкмөтүнүн кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнө жергиликтүү жана атайын каражаттардын долбоору:

 

- 2025-жылга  -                 71768,0  миң сом;

- 2026-жылга  -                 76511,0  миң сом.

 

11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

З.Г. Нурдинов