КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи шайланган)
XXVI сессиясы
2024– жылдын 23-январы № 5
Отуз-Адыр айылынын тургуну Кадыров Мирбек Токтобековичтин Чыйырчык жайлоосунан, жайыт жеринен ички жана сырткы туризмди өнүктүрүү багытында ижарага жер сурап жазган арызы жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн тургуну М.Т.Кадыровдун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Чыйырчык жайлоосунун жайыт жеринен №402 контурунан көркөндүрүүгө жана эс алууга, ички жана сырткы туризмди өнүктүрүү багытында узак мөөнөткө 20 (жыйырма) гектар жерди көп жылга ижарага бөлүп берүү боюнча жазган арызын угуп жана кеңири карап талкуулап чыгышып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Чыйырчык жайлоосунунда жайыт жердин №402 контурунан ички жана сыркы туризмди өнүктүрүү багытында 20 (жыйырма) гектар жер аянтты 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Жайыт жеринен ижарага берилүүчү жер аянтты көп жылдык мөөнөткө берүүдө атайын жайыт жерлер боюнча мыйзамынын негизинде жайыт комитети менен биргеликте келишим түзүп, иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Жер ресурстары кызматы Кара-Суу филиалынан жана Кара-Суу райондук архитектура, шаар курулуш башкармалыгынан керектелүүчү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З.Г. Нурдинов |