ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы
2024– жылдын 27-январы № 1
Шарк айыл өкмөтүнүн 2023 – жылдын 12-айынын бюджетинин аткарылышы, 2024-жылга бюджетин жана 2025-2026-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Шарк айыл өкмөтүнүн 2023 – жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн 12 – айга аткарылышы жана 2024 – жылдын бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүктөрү менен бекитүү жөнүндөгү маселе боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Бекташ кызы А. билдирүү жасап, бул маселени айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып айылдык кеңештин талкуусуна коюп, алар тарабынан киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин Шарк айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин кирешелери бекитилген план боюнча 55936,3 миң сом болуп, өзгөртүүлөр менен 12 – айга такталган план 97154,0 миң сом, аткарылышы 102361,5 миң сомду түзөт. Ал эми чыгашалар бекитилген план боюнча 55936,3 миң сом болуп, өзгөртүүлөр менен 12 – айга такталган план 95241,1 миң сом, аткарылышы 72494,6 миң сомду түзүп, бул багытта жүргүзүлгөн иштер кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен аткарылышы белгиленсин.
2. Шарк айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин атайын каражаттары план боюнча 9060,0 миң сом болуп, өзгөртүүлөр менен 12 – айга такталган план 9060,0 миң сом, аткарылышы 8367,9 миң сомду түзөт. Ал эми чыгашалар бекитилген план боюнча 9060,0 миң сом болуп, өзгөртүүлөр менен 12 – айга такталган план 10794,4 миң сом, аткарылышы 8793,0 миң сомду түзгөндүгү белгиленсин.
3. 2024-жылга Шарк айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 56393,7 миң сом жана чыгашалары 56393,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. 2024-жылга Шарк айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын каражаттардын кирешелери жана чыгашалары 10980,0 миң сом ата-энелер мүчөлүк акысы эсебинде бекитилсин.
5. Жыл ичинде айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип туруу укугу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109-беренесине ылайык берилсин.
6. Айыл өкмөтүнүн 2025-2026 – жылдарга кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнө жергиликтүү жана атайын каражаттардын долбоору:
-2025 – жылга – 72348,0 миң сом;
-2026 – жылга – 77217,0 миң сом.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Шарк айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык Кеңешинин төрагасы |
| С.Абзалов |