Редакцияот 27.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы

 

2024– жылдын 27-январы № 2

 

Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагындагы Таштак айылынын шифр 0509 Башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 3-пунктуна ылайык жана Медресе айылынын жашоочусу К. Чокоеванын арызынын негизинде, ошондой эле Шарк айылдык кеңешинин "Жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча"туруктуу комиссиясынын 2024 жылдын 23 январындагы корутундусунун негизинде, Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХXV сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагындагы Медресе айылынын шифр 5-04-17-1002-6602 участкасынын түштүк жагында жайгашкан участка боюнча Ташлак айылынын башкы планына шифр 0509, Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Медресе айылынын, Алиханов көчөсүнүн №76 үйдүн жер тилкеси 446 м2 болгон объектиси боюнча архитектуранын берген планынын №4 соц. объектисинен 2012 жылы турак үй салынгандыгына байланыштуу Башкы планга өзгөртүүлөрдү киргизилсин;

2. Аталган жерди тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Шарк айыл өкмөтүнүн жер адистерине жүктөлсүн;

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Шарк айылдык Кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Шарк айылдык Кеңешинин төрагасы

 

С.Абзалов