КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 40-сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 77
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан жер аянтын
трансформациялоогомакулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” № 145-Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кара-Булак айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер (транспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 23-августундагы отурумунун корутундусунун негизинде, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 0,20 га жер аянтына жүндү кайра иштетүүчү цех куруу максатында, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан (мурдакы “МЖС” 1992-жылдын февраль айындагы № 5807, шифр № 739) № 2415-контурунда жайгашкан 0,20 га жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |