КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 40-сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 78
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан жер аянтын
трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 26 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” № 145-Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кара-Булак айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер (транспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 23-августундагы отурумунун корутундусунун негизинде, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 40,0 га жер аянтын көп жылдык бак-дарактарды өстүрүү максатында, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Булак айыл өкмөтүнүн (мурдакы “Москва” колхозунун 1987-жылындагы № 4864 а, шифр № 8479 контурларды эсептөө дело материалына) ылайык жалпы аянты 40,0 га жер, анын ичинен № 1315- контурундагы 0,40 га жер аянты башка жер, № 1325-контурундагы 5,0 га таштуу жайыт жер аянты, № 1324-контурундагы 0,65 га таштуу жайыт жер аянты, № 1328-контурундагы 12,10 га таштуу жайыт жер аянты, № 1329-контурундагы 0,40 га таштуу жайыт жер аянты, № 1330-контурундагы 8,90 га таштуу жайыт жер аянты, № 1313-контурундагы 2,0 га таштуу жайыт жер аянты, № 1312-контурундагы 0,50 га жер аянты башка жер жана № 1311-контурундагы 0,05 га жер аянты башка жер, № 1380-контурундагы 1,60 га таштуу жайыт жер аянты, № 1381-контурундагы 0,40 га таштуу жайыт жер аянты, № 1371-контурундагы 4,30 га таштуу жайыт жер аянты, № 1387-контурундагы 3,70 га таштуу жайыт жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |