КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 40-сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 80
“Ак Жолтой” балдар бакчасынын башкы планына өзгөртүү
киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 20-августундагы № 664 сандуу чыгыш катынын негизинде, Кара-Булак айылдык кеңешинин экономика-финансы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 30-июлундагы отурумунун корутундусуна ылайык, “Ак Жолтой” балдар бакчасы АГА Хан фондунун “Патрип” долбоору аркылуу кошумча имарат куруу максатында, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Булак айыл аймагына караштуу Бужум айылында жайгашкан “Ак Жолтой” балдар бакчасына кошумча жер тилкесин берүүгө жана башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |