Редакцияот 23.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 40-сессиясы

 

2024-жылдын 23-августу № 81

2024-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы

иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин жана аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты

социалдык жактан коргоонун программаларынын аткарылышы тууралуу айыл өкмөт башчысынын отчету жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2,6-пунктчаларынын жана Кара-Булак айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мисиралиевдин айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы жергиликтүү бюджеттин жана аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын аткарылышы тууралуу отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мисиралиевдин айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айына карата жергиликтүү бюджеттин жана аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун  программаларынын аткарылыш абалы жөнүндө отчету канааттандырарлык эмес деп табылсын.(отчет тиркелет)
  1. Айыл өкмөт башчысынын 6 ай ичинде аткарылбаган иш-аракеттери жылдын жыйынтыгы менен аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
  1. Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

К.Шакиров

          Кара-Булак айылдык кеңешинин

         VII чакырылышынын кезектеги

                     XXXX сессиясынын 23.08.2024-

                     жылдагы № 81 токтомуна тиркеме

 

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айы ичинде аткарган

 иштери боюнча жыйынтык

Отчету

 

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча аткарылган иш- чаралардын 6 айлык жыйынтыгы .

Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужум, Кара-Булак айылдарында жалпы 1- топ 42, 2-топ 257 жаран, 3-топ 127 жаранжана 18-жашка чейинки 105 бала бар. Айыл өкмөтүнүн соц кызматкерлери ден-соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын санын тактап ар дайым алардын турмуш шартынан кабар алынып турулат. Кара-Булак айылдык Кеңеши да ден-соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жакшы көңүл буруп бюджетти бекитүүдө акча. Ушундай эле жардамдар арыз менен кайрылган ар түрдүү категориядагы 6 (алты)жаранга73000(жетимишүчмиң)сом. материалдыкжардамберилип,алэмитурмушшарты оор жана жалгыз бой, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген10 (он) үй-бүлөдөн соц адис, соц кызматкерлер тарабынан кабар алынып айыл өкмөтүнүн бюджетинен айылдык кенештин чечими менен ар ай сайын ар бир жаранга 500 (беш жүз) сомдон алты ай ичинде 30000(оттуз миң) сом материалдык жардам берилип келет. Жалпылап айтканда  6 (алты) ай ичинде 16 (он алты) жаранга 108000 (бир жүз сегиз миң) сом материалдык жардамдар берилди. 2024-жылдын 6 ай ичинде  жергиликтүү  бюджеттин каражаттарынын эсебинен 463000 (төрт жүз алтымыш үч миң) сом каржылоо ар түрдүү майрамдык иш-чараларга жана материалдык жардам сурап кайрылган турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө жумшалды. Атап айтканда Ооган согушунун 6 катышуучусуна 20000 (жыйырма миң) сом акча бөлүнүп берилип, 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата 40000(кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп, 80-90 жаштан ашкан энелерге  шириндик пакеттер таркатылган. Ошондой эле жаш кыз-келиндер ортосунда 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата 25000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп, Кара-Булак, Бужум айылдарынын кыз-келиндер арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, жалпы 5(беш) команда катышып,1 орунга 7000 (жети мин)сом, 2 орунга 5000 (беш миң) сом, 3 орунга 3000(үч миң)сом, 4орунга 1000 (миң)сом, 5 орунга 1000(миң) сом жана 2 (эки) мыкты оюнчуга акчалай сыйлыктар, дипломдор жана майрамдары менен куттуктап сый тамак берилди. Нооруз майрамына 30000 (отуз миң) сом акча каражаты каралып кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак-аш көргөзмөсүнө катышты. Баткен районунун Төрт-Гүл суусактагычынын жээгинде маданий иш-чара өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн аймагынан 16 шайыр апалар катышып келишти. Ошондой эле айыл өкмөтүнүн аймагында спорттун шахмат түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлык менен сыйланышты. Райондун аймагнда улуттук тамак-аштын көргөзмөсүнө Кара-Булак айыл өкмөтү да катышты. Чернобыль апаатынын катышуучусуна 10000 (он миң) сом акча каражаты берилди .

9-май Улуу Ата-Мекендик согуштун  жеңишинин 79 жылдыгына карата айыл өкмөт- үнүн аймагындагы мекеме ишканаларда майрамдык иш чара өткөрүлдү, айыл өкмөтүнүн эсебинен 5(беш) тылдын катышуучуларын ар биринин  өз  эсептерине 3000 (үч миң) сомдон 15(он беш) миң сом акча каражаты жумшалды. Улуу жеңиштин  урматына 20000 (жыйырма миң) сом акча каражаты  каралып, 2021-2022-жылдарда Кыргыз Тажик

чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болгон жарандарыбыздын  жаркын элесине арналган эркектер арасында футболдук мелдеш өткөрүлдү. 20-май Улгайган энелер күнүнө 40000 (кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп, 50 (элүү) 70-80 жаштагы турмуш шарты оор, жалгыз бой жана баатыр энелерге майрамдык маанай жана сый тамактар уюштурулуп, белектер берилди.

1-июнь Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата айыл өкмөтүнүн бюджетинен 50000 (элүүмиң) сом акча каражаты каралып, 7(жети) ата-энесинен ажыраган (тоголок) балдарга ар биринин өздүк эсептерине 4000(төртмиң) сомдон которулуп, Бужум айылындагы “Ак-Жолтой”, ”Дилгир”, ”Нур-Периште”,”Ынтымак” бала-бакчалардын ар бирине 4000 (төртмиң) сомдук, Кара-Булак айылындагы “Жаш балапан” балдарбакчасына 6 (алтымиң) сомдук оюнчуктар берилди. 2024-жылдын 6 ай ичинде  жакыр үй-бүлөлөрдүн саны социалдык паспорттун жыйынтыгы менен  изилденген үй-бүлөлө71 (жети жүз он бир) түздү. Ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын, ата-энесинен эрте ажыраган балдардын турмуш шартынан, окууларынан, жүрүм-турумунан мектептин соц педагогтору, ИДН кызматкери жана айыл өкмөттүн соц адиси менен биргеликте каба ралынып,зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө.2024-жылдын 16-июнь курман айт майрамына карата 90000 (токсонмиң) сомгокара мал алынып айылдык Кеңештин депутаттарынын демилгеси  менен100өтөжакыр үй-бүлөлөргө жана 80-90 жаштагы карыяларга эт таратылыпберилди.Жалпысынан айыл өкмөт  боюнча 2024-жылдын 6 ай ичинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен 463000 (төрт жуз алтымыш үч миң) сом 305 адамга ар кандай (акчалай, тамак –аш түрүндө),берилди.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына долбоор жазылып айыл өкмөтүндөгү турмуш шарты оор , аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жалпысынан 38 (оттуз сегиз) үй- бүлөнүн ар бирине 300к г(үч жүз) ун,30(оттуз) литр май берилди.Улгайган жарандар, ден-соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар маселелери менен иш алып баруу социалдык  кызматкерлердин негизги милдети болуп саналат.

 Аткаруучу : Соц  адис: Ботобекова Г

 

 

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн салык жыйымдары боюнча 2024- жылдын 1- июлга  чейинки  маалыматы.

Салык төлөөдө электрондук төлөө (терминал,телефон) аркылуу салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу жана оңой болуп калды. Жаны мийзамдар киргендиктен, жергиликтуу жарандар кыймылдуу  жана кыймылсыз мүлктөрүнөздөрунүн атына каттатып салык төлөп жатышат. Буга чейин транспорт жана турак жай салыктарын башка бирөөнүн атыда катталган болсо дагы, колдонуп жаткан жарандар өздөрүнүн атынан салык төлөп келишкен.Учурда мүлк салыгы боюнча жергиликтуу жарандарга кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн ар бир жаран өзүнун атына өткөрүп, жана катталган мүлктөрүн райондук салык кызматына кайрылган жарандар аз болууда. Жарандарга Салык кабинет ачтырып, салык төлөөсү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ошондуктан салык төлөө планыбыз үзгүлтүккө учурап калды. Мусор боюнча айта кетсек, Биздин айыл өкмөттө“Тазалык”ишканасы толук кандуу иштеп тургандыктан, таштанды салык планы

толбой артта калууда.