Редакцияот 23.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 40-сессиясы

 

2024-жылдын 23-августу № 82

Коомдук транспорттун ишин жөнгө салуунун жүрүшү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын 27-беренесинин 10-пунктунун негизинде, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мисиралиевдин коомдук транспорттун ишин жөнгө салуунун жүрүшү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кара-Булак айыл аймагындагы коомдук транспорттун ишин жөнгө салуунун жүрүшү боюнча айыл өкмөт башчысы А.Мисиралиевдин 2024- жылдын 6 айына карата аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
  1. Баткен Кара-Булак маршруттук каттамынын иштөө убактысын Автотранспорт агенттигинин  Баткен аймактык башкармалыгы менен биргеликте өзгөртүп, кайра иштеп чыгуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин. 
  1. Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

К.Шакиров