Редакцияот 13.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

 

2024-жылдын 13-августу № 42

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, административдик-

аймактык  реформа жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2024-жылдын 29-июлундагы №152 Мыйзамынын 6-13-14-15-беренелеринде көрсөтүлгөн өзгөрүүлөр жөнүндө мыйзамынын негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы  К.Нурмаматовдун билдирүүсүн, угуп карап талкуулап чыгып Ак-Татыр  айыл аймагынын айылдык кеңешинин  VI чакырылышынын  кезексиз  XIII сессиясы Токтом кылат

 

1.     Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-октябрында Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүү жөнүндө №26 токтому кабыл алынган. Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-октябрындагы №26 токтомунун биринчи жана экинчи пунктунда көрсөтүлгөн чечимин Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

(1.Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүү менен административдик-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык жайгашкан аймакты эске алуу менен бириктирилген айыл аймактардын административдик борбору Ак-Татыр айыл аймагы болуп макулдук берилсин.

2.Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүүдө айыл аймактын административдик аталышы “Орто-Боз” деп аталсын, Баткен райондук мамлекеттик администрацияна сунушталсын).

2.     Ушул токтомдун аткарылышы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3.     Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.

4.     Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды. 

 

Төрага:

 

Ысакова С.Б.