Редакцияот 27.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы

 

2024– жылдын 27-январы № 6

 

Шарк айыл аймагынын Шарк айылындагы №77 Хамза атындагы орто мектепке Ахмедов Байматтын ысымын ыйгаруу жөнүндө

Шарк айылынын тургундарынын жана № 77 орто мектебинин жамааты биргелешкен билдирүүсүн негизинде, Шарк айыл аймагынын Шарк айылындагы №77 Хамза атындагы орто мектепке Ахмедов Байматтын ысымын ыйгаруу жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы талкуулап

 

Токтом кылат:

 

1. Шарк айыл аймагынын Шарк айылындагы №77 Хамза атындагы орто мектепке Ахмедов Байматтын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин;

2. Бул токтомдун аткарылышы Шарк айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Мотоева Н. жүктөлсүн;

3. Мектептин атоо боюнча чыгымдар демилгечи тарапка жүктөлсүн;

4. Кара-Суу райондук билим беруу болумунон Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагындагы Хамза атындагы №77 орто мектебине Ахмедов Байматтын ысымын ыйгаруусу суралсын;

5. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча комитетине тапшырылсын.

 

 

Шарк айылдык Кеңешинин төрагасы

 

С.Абзалов