Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 71-чуа буйругу менен бекитилди
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
________________________________________________________________________________________________________
Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму
КӨП БАТИРЛҮҮ ТУРАК ЖАЙ ИМАРАТТАРЫ
ЗДАНИЯ ЖИЛЫЕ МНОГОКВАРТИРНЫЕ
MULTICOMPARTMENT RESIDENTIAL BUILDINGS
Киргизүү күнү _____________
(Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай - коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 24-февралындагы № 112-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
1. Колдонуу аймагы
1.1 Бул стандарттар КР КЧ 21-01:2018ге ылайык аныкталган бийиктиги 75 мге чейинки жаңы курулган имараттарды, батир тибиндеги жатаканаларды, ошондой эле башка функционалдык максаттар үчүн имараттарга киргизилген турак жайларды долбоорлоого карата колдонулат. Ченемдер жана эрежелер колдонуудагы курулуштардын турак жана турак эмес имараттарынын профилин өзгөртүү, кайра пландаштыруу жана реконструкциялоо объекттерин долбоорлоого жайылтылбайт.
Ченемдер жана эрежелер тосулган турак жайларга, көчмө турак жайларга жана ага тиркелген турак эмес жайларга жайылтылбайт.
Нормативдер имаратты, анын батирлерин жана жеке жайларды жайгаштыруу шарттарын жана ага менчик формасын жөнгө салбайт.
2.Ченемдик шилтемелер
Бул курулуш эрежелери төмөнкү документтерге ченемдик шилтемелерди колдонот:
МАМСТ 21.508-2020 Курулушка долбоордук документтеринин системасы. Ишканалардын, курулмалардын жана турак жай-жарандык объектилердин башкы пландарынын жумушчу документтерин ишке ашыруу эрежелери;
МАМСТ 23166-2021 Терезе жана балкон тунук тосмо конструкциялары. Жалпы техникалык шарттар;
МАМСТ 25772-2021 Тепкичтер, балкондор, чатырлар, тепкичтердин учуулары жана аянтчалары үчүн металл тосмолор. Жалпы техникалык шарттар;
МАМСТ 27751-2014 Курулуш конструкцияларынын жана фундаменттеринин бекемдүүлүгү. Эсептөө үчүн негизги жоболор
МАМСТ 30494-2011. Турак жай жана коомдук имараттар. Ички микроклиматтын параметрлери;
МАМСТ 30826-2014. Көп катмарлуу айнек. Техникалык шарттар;
МАМСТ 31462-2021 Коргоочу терезе блоктору. Жалпы техникалык шарттар;