Редакцияот 29.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дара айылдык Кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз ХХVIII сессиясы

2024-жылдын 29-июлу № 84

Дара айыл өкмөтүнүн аймагынан өткөн Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы чарбалар аралык Р-6 каналын реконструкциялоого керектүү болгон жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун 2021-2035-жылдар өнүктүрүү программасынын жана ишке ашыруу боюнча жол картасын бекитүү жөнүндө тизмесине кирген Дара айыл өкмөтүнүн аймагынан өткөн Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы чарбалар аралык Р-6 каналын реконструкциялоого керектүү болгон жер аянтын  бөлүп берүү жөнүндө Дара айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Дыйкановдун билдирүүсүн   угуп талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин   VII чакырылышынын кезексиз  ХXVIII сессиясы токтом кылат: 

 

  1. Дара айыл өкмөтүнөн жалпы 14,72 га жер аяты. Анын ичинен каналдын өзү 5,46 га жер аянты, коргоо тилкесине 5,46 га жер аянтын ондоого макулдук берилсин.
  2.  Убактылуу база курууга Жаңы-Жер айылындагы  өндүрүштүк зонасына бөлүнгөн жерден  3,8 га жер аянты бөлүнүп  берилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча   туруктуу комиссиясына жана  Дара айыл өкмөтүнүн башчсынын орун басары Д.Анапияевке милдеттендирилсин.

 Айылдык

кеңешинин тѳрайымы:

 

Р.Сайкалова