БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 15- сессиясы
2023-жылдын 21-декабры № 87
Бешкент айыл аймагына караштуу “ СССР дин 50-жылдыгы” айылынын жана Андархам (Карл Маркс) айылдарынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколдук чечиминин негизинде аталган айылдын аталышын өзгөртүү жөнүндө
Бешкент айыл аймагындагы “ СССР дин 50-жылдыгы” айылыны “Ынтымак” айылы деген наамды ыйгаруу жөнүндөгү жана Андархам (Карл Маркс) айылыны “Биримдик” айылы деген наамды ыйгару жөнүндөгү айыл тургундарынын 2023-жылдын 8-ноябрындагы жана 15-декабрындагы жалпы чогулушунун протоколунун негизинде Бешкент айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл аймагындагы “ СССР дин 50-жылдыгы” айылыны “Ынтымак” айылы деген наамды ыйгаруу жөнүндөгү жана Андархам (Карл Маркс) айылыны “Биримдик” айылы деген наамды ыйгару жөнүндөгү айыл тургундарынын 2023-жылдын 8-ноябрындагы жана 15-декабрындагы жалпы чогулушунун протоколдору көңүлгө алынсын.
2. Бешкент айыл аймагындагы“ СССР дин 50-жылдыгы” айылына “Ынтымак” айылы деген наам ыйгарылсын.
3. Бешкент айыл аймагындагы Андархам (Карл Маркс) айылына “Биримдик” айылы деген наам ыйгарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык кеңешинин мамлекет-тик мыйзамдуулук, коомдук тартип жана жарандардын укугун сактоо боюнча турукуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | О. Баховотдинов |