Редакцияот 21.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Бешкент айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 15- сессиясы

2023-жылдын 21-декабры № 88

Муниципалдык менчикте турган  социалдык маанилуу обьекттерди участкасы менен өткөрүп  берүү жөнүндө

  

Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин  2023-жылдын 24-июлундагы №374 токтомунун  редакциасына ылайык жана Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Алимбековдун 2023-жылдын 20-декабрындагы №98 сунуш катын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык кеңеши:

                                                Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

         1. Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык  медициналык мекемелердин имараттарды жана участкасы менен Бешкент айыл өкмөтүнүн балансыдан чыгарып  Кулунду жалпы дарыгерлер практикалык борборуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Өткөрүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышы Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу  К.А.Алимбековго милдеттендирилсин.

  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

О. Баховотдинов