ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз ХХVIII сессиясы
2024-жылдын 29-июлу № 87
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылындагы Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин атын өзгөртүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын тургуну Сайкалов Саитбуркан “Кыргыз Республикасынын эмгек синирген мугалими” Кыргыз Республикасынын президентинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган. Ж. Турусбеков атындагы орто мектепте 47 жыл үзүрлүү эмгектенип, 34 жылын жетекчилик кызматын аркалаган. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын “Ардактуу аксакалы” ордени менен сыйланган.
Кайынды айылынын 2024-жылдын 10-майындагы элдик чогулушунун протоколунун жана Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин директору Ш.Тургунованын билдирүүсүн, Ж.Турусбеков орто мектебинин педогогикалык жамаатынын кесиптик бирлик биргелешкен чогулушунун Ж.Турусбеков атындагы орто мектепбине Сайкалов Саитбуркандын атын ыйгаруу жөнүндөгү протоколун угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин аты Сайкалов Саитбуркан болуп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевке милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековко тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин тѳрайымы: |
Р.Сайкалова |