Редакцияот 29.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дара айылдык Кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз ХХVIII сессиясы

2024-жылдын 29-июлу № 88

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылындагы жаныдан курулуп жаткан футболдук аянтчага маркум Анаркулов Шералынын атын  ыйгаруу  жөнүндө

 

            2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуусунда курман болгон Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын тургуну маркум Анаркулов Шерали Ураимбекович (чек ара кызматкери) атын  Дара айыл өкмөтүнүн  Кайыңды айылында жаныдан курулуп жаткан футболдук аянтчага атын   ыйгаруу жөнүндө Кайынды айылынын 2024-жылдын 5-майындагы элдик чогулушунун протоколун  угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылында жаныдан курулуп жаткан  футболдук аянтчага   Анаркулов Шерали Ураимбековичтин аты ыйгарууга макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевке милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин административдик укуктук  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана  айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековко тапшырылсын.

 

 

 Айылдык

кеңешинин тѳрайымы:

 

Р.Сайкалова