Редакцияот 12.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин ( жетинчи чакырылышынын) кезексиз XVI сессиясы

 

 

2022-жылдын 12-декабры № 16-6

 

Финансы маселеси жөнүндө

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылыштагы) кезексиз XVI сессиясы күн тартибиндеги, “Финансы маселеси жөнүндөгү” маселе боюнча, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлигинин 16.11.2022-жылдагы № 17-2/2454, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн 27.11.2022-жылдагы № 589 жана айыл өкмөтүнүн 01.12.2022-жылдагы чыгыш № 02-16-1180 сандуу каттары боюнча айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиянын 12.12.2022-жылдагы отурумунун № 9- протоколунун чечимин карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Кыштак айылдык аймагындагы мектептереге видеокөзөмөлдөөчү жабдууларыды жана танапис учурунда улуттук калориттеги күүлөрдүн коштоосу менен берилүүчү конгуроолорду ортотуу боюнча,айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” боюнча туруктуу комиссиянын 12.12.2022-жылдагы отурумунун № 9 - протоколунун чечими бекитилип,айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен, айыл аймагындагы мектептер боюнча төмөндөгүдөй акча каражаттары каржылансын:

1. № 20 - Ы.Насыров атындагы мектепке – 282 960,0 сом;

2. № 123 - Сүрөттүү –Таш мектебине – 228 787,0 сом

3. № 24 - Оморбек датка атындагы мектепке – 350 307,0 сом;

4. № 98 - М.Маматалиев атындагы мектепке – 186 853,0 сом;

5. № 110 - М.Газиев атындагы мектепке – 209 952,0 сом;

6. № 25 - Т.Омурзаков атындагы мектепке – 220 206,0 сом;

7. № 117 - К.Маткеримов атындагы мектепке – 169 571 сом;

8. № 65 - М.Сабироватындагы мектепке – 830 064,0 сом;

9. № 20 - Айбек атындагы мектепке – 141 265,0 сом;

Жалпысы: 2 620 000,0 сом

2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кенештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымы:

 

Д. Рахманова