Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыштут айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2024-жылдын 5-сентябры № 24

Административдик-аймактын түзүлүшү жөнүндө

   Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрь ПСЖ №350 “Кыргыз Республикасынын административдик -аймактык түзүлүлүшүнүн  өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча мындан ары чаралар жөнүндө”  жарлыгынын негизинде Кыштут  айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 5-сентябрында кезексиз VI сессиясында аймактык түзүлүш боюнча маселени карап жана  Кыштут айыл өкмөтүнүн  башчысы А. Эркебаевтин  баяндамасын угуп кенири талкуулап 

Кыштут айылдык  кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI  сессиясы.

Токтом   кылат:

1      Кыштут айыл аймагы Газ, Согмент, Чарбак, Кыштут, Таян жана Сай айылдары, Дара айыл аймагынын тоолуу аймагы Жанырык, Кан , Табылгы, Кайынды, Сары-Талаа, Коргон-Таш айылдары кошулуп , Алтын -Бешик айыл аймагы  административдик –аймактык түзүлүшүнѳ макулдук берилсин.

2     Алтын-Бешик айыл аймагынын административдик борбору болуп Таян айылы калтырылсын.

3     Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо Кыштут айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Эркебаевке милдеттендирилсин.

4     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

Төрага

С.Сүйүнов