Редакцияот 08.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОН-АЛАЙ  АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 26- сессиясы

2023-жылдын 8-февралы  № 7

Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-январындагы 10-сессиясынын кезектеги отурумунун № 13 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-январындагы 10-сессиясынын кезектеги отурумунун № 13 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө 2023-жылдын  3-февралындагы № 252 чыгыш сандуу сунуш катын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 26-сессиясынын  кезектеги отуруму угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы мурда макулдашып бекитилген  Башкы пландарда көрсөтүлгөндөй  бир участоктун аянты  1500м2  болуп калтырылсын.

2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы убактылуу пайдалануудагы жер аянттарынан турак жай куруу үчүн бир участоктун аянты мурункудай 1500м2  болуп белгиленсин.

3. Ал эми калктуу конушка жаңыдан которулуп жаткан жер аянтарында Башкы планда  бир участоктун аянты 1000м2  болуп даярдалсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

С. Мойдунов