ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 27- сессиясы
2023-жылдын 9-февралы № 1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 27-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 55 065 300 сом болуп бекитилип, ал эми чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй бөлүнүп жумшалсын.
- аппаратка 23 693 600 сом
- апараттын атайын каражатына 75 000 сом
- айылдык кеңешке 982 600 сом
- мектептерге 7 601 400 сом
- бала бакчаларга 3 336 600 сом
- бала бакчалардын атайын каражатына 3 150 000 сом
- китепканаларга 1 899 300 сом
- маданий иш чараларга 825 000 сом
- клубтарга 2 298 100 сом
- өзгөчө кырдаалдарга 590 000 сом
- ЖКХ 9 424 700 сом
- социалдык жардамдарга 350 000 сом
- жайытка 839 000 сом бөлүнүп жумшалсын.
2. Корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармек жана тамак-аш азыктарын сатып алуу, көмүр отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
3. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аппаратына 30 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 3 штат.
-Чоң-Алай айылдык кенешине жооптуу катчы 1 штат каралсын.
- Клубтарга 8 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү 4 штат.
- Китепканаларга 4 штаттык бирдик каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр-жай курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичке жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичке жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2023-жылдын 9-февралынан тартып күчүнө кирет.
Төрага | С. Мойдунов |