КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык округунун айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XLIII-сессиясынын
2024-жылдын 26-августу №59
Кызыл-Бел айылындагы эски базардын пайдалануу багытын бекитип берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К. Темурбоевдин билдирүүсүн угуп, жеке ишкердүүлүктү колдоо максатындаКара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кызыл-Бел айылындагы эски базардын пайдалануу багыты:
- Базар болуп турган курулуш курулмалары бар жагы базар бойдон калтырылсын.
- Калган курулушу жок бөлүгү логистикалык борбор куруп иштетүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Fйылдык кеңешенин төрайымы |
Ж.Шадиманова |